​Энергетикалык тармактагы жабдуулардын 80 пайызы эскирген

28-Апр. 2018, Ишемби, 14:48

Бүгүн, 28-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө ведомство көзөмөлдөгөн тармактардын учурдагы абалы жана келечектүү өнүгүү багыттары талкууланды.

Ошондой эле Уланбек Рыскулов белгилегендей, жалпысынан учурда энергетикалык тармактагы жабдуунун эскириши дээрлик 70-80 пайызды түзөт. Буга байланыштуу иштеп жаткан энергетикалык объектилерди модернизациялоо зарылдыгы бар.

Буга катар жакынкы жылдарга карата болжолдорго ылайык, электр энергиясын пайдалануунун жогорулашы күтүлүүдө. Натыйжада, кубаттууулуктун кошумча көлөмдөрү менен камсыздоо зарылдыгы пайда болот.

Рыскулов кошумчалагандай, 2017-жыл үчүн энергеткалык сектордогу акча каражатынын таңкыстыгы 1,2 млрд. сомду түзүп, ал эми пландык көрсөткүч 1,7 млрд. сомго барабар болгон. Ошондой эле ал 2019-жылдан тарта энергетикалык тармактын чет элдик зайымдары боюнча төлөмдөрү кескин жогорулап, анын эң жогорку деңгээли 2025-жылга туура келген. Төлөмдүн ар жылкы суммасы болжол менен 11,8 млрд. сомду түзөөрүн белгилеген.

Өкмөт башчы энергетика жаатында орун алып жаткан акыркы окуялардын фонунда коомчулуктун аталган тармакка карата ишеними кескин төмөндөгөндүгүн баса белгиледи. Премьер-министрдин айтымында, мунун бардыгы натыйжасыз башкаруу, айрым жетекчилердин ачык эмес ишмердик жүргүзүүсү жана чогулган көйгөйлөрдү чечүүнү создуктуруусуна байланыштуу келип чыккан.

Абылгазиев аталган тармактын ишинин ачык-айкындыгын камсыздоо зарылдыгын баса белгиледи. Премьер-министр өлкөнүн энергетикалык тармагынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды ыкчам тартипте киргизүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, 2018/2019-жылкы күз-кыш мезгилинен өтүүгө карата тийиштүү даярдык көрүүнү камсыздоо тапшырылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!