Россияда кыргызстандыктын сөөгү табылды

2-Май 2018, Шаршемби, 10:06

Россиянын Кировск шаарындагы эс алуучу жайдан Кыргызстандын жаранынын жансыз денеси табылды.Бул тууралуу маалыматты орусиялык басылмалар жазууда.

Маалыматта жазылгандай 30-апрелде Кировск шаарында Нева дарыясынын жээгиндеги эс алуучу жерден эркек адамдын жансыз денеси табылган. Жансыз дене табылган жерге келген укук коргоо органдары маркумдун 41 жаштагы Кыргызстандын жараны экенин аныкташкан. Ал Иркутск облусунда каттоого туруп, Ленинград облусунда мыйзамсыз жашаган.

Ошондой эле милиция маркумду киши колдуу болуп каза тапканын, анын башында жаракаттар бар экенин аныктаган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!