"Президент жана бомж-3" киносу тартылып бүттү

2-Май 2018, Шаршемби, 15:03

“Президент жана бомж 3 Ханзада сүйгөн айылдык кыз” көркөм фильми тартылып бүттү. Кино “Президент жана бомж 1, 2” тасмасынын - уландысы, 1 саат 30 мүнөттүк фильм. Бул тууралуу кинонун продюссер сценаристи Өмүрзак Төлөбеков билдирди.

Тасманын бет ачар аземи 3-май күнү "Манас" кино театрында саат 10:00дө башталат.

Бишкекте Манас, Октябрь кино театрларында, ал эми Ошто Акбуура кино театрында башталат. 15-майдан кийин сыртта жүргөн кыргыз мекендештерибизге Астана, Москва, Анкара, Америкага да сунушталат. Бул кинодо президенттин каарманын Аскат Сулайманов, экс президентти Марат Алышпаев жана кыргыздын көрүнүктүү актер актрисалары аткарышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!