Мэрия жарнак такталар менен күрөштү улантат (фото)

2-Май 2018, Шаршемби, 15:49

Бишкектин Байтик Баатыр, Абдрахманов жана Ахунбаев көчөлөрүнүндө “БишкекБашкыАрхитектура”, Жер ресурстарын башкаруу жана курулуш башкармалыгы жана “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен биргеликте мыйзамсыз орнотулган жарнак такталарды демонтаждоо иштери улантылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Анда, "БишкекБашкыАрхитектура” тарабынан жарнак такталар үчүн эч кандай уруксат кагазы жок ишкерлерге маалымдама жөнөтүлгөнү да айтылган.

Белгилей кетсек, буга чейин Шабдан Баатыр көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган жарнак такталар толугу менен алынып салынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!