ЖАМК кызматкерлерине кылмыш иши козголду

2-Май 2018, Шаршемби, 17:16

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Жазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) көчмө механизациялашкан колоннасынын (КМК) жооптуу адамдарынын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактысынын бети ачылды. Ошондой эле КМК кызматкерлери эмгек акысын мыйзамсыз көбөйткөндүгү жана түзөтүү мекемелерин куруу боюнча мамлекеттик сатып алуу, куруу-монтаждоо иштери үчүн мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө мыйзам бузгандыгы аныкталды. Бул тууралуу ЖАМКнын жооптуу адамдарына кылмыш иши козголгонун УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, алардын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында, алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекеттик казынага болжол менен 2,5 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

2018-жылдын 2-майында КР Атайын прокуратурасы ЖАМК КМК кызмат адамдарына чогултулган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 171-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу), 189-беренеси (ачык соода-сатыктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу), 350-беренеси (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу), 306-беренеси (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу) жана 315-беренеси (кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иши козголду.

Буга чейин УКМК кызматкерине пара берүү учурунда кармалган ЖАМК КМК башчысы И.Ю. кош жарандуулугу бар экендиги аныкталды.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!