Отуз студент кыз кармалды

4-Май 2018, Жума, 14:13

Октябрь РИИБ тарабынан интернет-сойкулук кызматы менен алектенген ЖОЖдо окуган 30 кыз кармалып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Октябрь РИИБне кыздардын катышуусу менен порнографиялык материалдарды жасоо жана сатуу иштерин уюштуруп, интернет тармактары аркылуу сатып пайда көрүп аткандыгы боюнча Д.аттуу жарандан маалымат келип түшкөн.


Бул факты боюнча Октябрь РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 262-беренеси (порнографиялык материалдарды жасоо же сатуу) менен кылмыш иши козголгон.


Октябрь РИИБдин тергөө кызматы тарабынан экспертиза дайындалып, козголгон кылмыш ишинин негизинде батирдин ичи күбөлөрдүн жана бул мыйзамсыз иш-аракеттердин уюштуруучусу 1990-жылы туулган А.Д. аттуу жарандын көзүнчө текшерилген. Батирдин ичинде жогорку окуу жайларда окушкан 30 чукул кыздар болгон. Ар бир бөлмө веб-камера, мониторлор жана компьютерлер менен жабдылган. Текшерүү иштеринен кийин жогоруда аты аталган жарандар Октябрь РИИБине жеткирилген.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!