Абылгазиев кымбат көчөттөр боюнча маселени көтөрдү

5-Май 2018, Ишемби, 12:01

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 4-майда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.


Премьер-министр акыркы мезгилде шаар тургундарынан Бишкектеги унаа жолдорун куруу схемасы боюнча көптөгөн арыздар түшүп жаткандыгын белгиледи.

«Жабылган көчөлөр тыгындарды пайда кылып, шаардыктар жана келген меймандар үчүн ыңгайсыздыктарды жаратууда. Ошондой эле өткөн айда биз бардыгыбыз борбордо маршруттук таксилер ишке чыкпай, орун алган транспорттук коллапска күбө болдук», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары, Премьер-министр жол курулушу иштерин эске алуу менен шаарды жашылдандыруу боюнча деталдык планды иштеп чыгуу зарылдыгына токтолду.

«Акыркы кездерде коомчулукта кымбат баалуу көчөттөрдү отургузуу маселеси да талкуу жаратууда. Аталган маселе шаардыктар, бейөкмөт уюмдары жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан көтөрүлүүдө. Сиздер мындай долбоорлордун маанисин жана негиздүүлүгүн жеткиликтүү түрдө түшүндүрүп берүүңүздөр керек. Биз шаарыбыздын экологиялык абалына тийиштүү деңгээлде көңүл бурушубуз зарыл», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Муну менен бирге Өкмөт башчы Бишкек шаарындагы Ош базарынын өрттөн жабыркаган соодагерлеринин жумуш орундарын калыбына келтирүү маселесине көңүл бурду.

Жолугушуунун жүрүшүндө мэр Албек Ибраимов Премьер-министрге борбордун учурдагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жана шаардык жолдордун курулушу жана реконструкцияланышынын жүрүшү тууралуу кеңири маалыматты сунуштады.


Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кытай Эл Республикасы тарабынан бөлүнгөн гранттын алкагында «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» жана «Бишкек шаарынын унаа жолдорунун катмарын калыбына келтирүү» долбоорунун биринчи фазасын ишке ашыруу боюнча иштер улантылууда.

Ошондой эле Албек Ибраимов маалымдагандай, шаар көчөлөрүндөгү жана парктарындагы көчөттөрдү отургузууда жыл сайын өздүк питомниктен алынган стандарттык материалдар пайдаланылат.

«Жакынкы коңшу өлкөлөрдүн ири шаарларындагы акыркы мезгилдеги жашылдандыруу ыкмаларына жана тажрыйбаларына таянуу менен көчөлөрдө жана магистралдарда бак-дарак көчөттөрүн отургузуу чечими кабыл алынган. Белгилей кетүүчү нерсе, сатылып алынган көчөттөрдүн түрү Ботаникалык бак тарабынан басылып чыкан Бишкек шаарын жашылдандыруу үчүн өсүмдүктөрдүн ассортименти боюнча сунуштамаларга ылайык тандалып алынган»,, – деди ал.

Мэр бүгүнкү күндө Кытай Эл Республикасы тарабынан бөлүнгөн гранттын алкагында Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү жана унаа жолдорунун катмарын калыбына келтирүү боюнча биринчи фазанын алкагындагы иштер улантылып жатканын айтты.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө сугат тутумунун иштөөсү, шаар көчөлөрүнүн тышкы жарыктандыруусун реабилитациялоо, турмуш-тиричилик таштандыларын башкаруу тутумун жакшыртуу жана борбордук канализация жана суу менен камсыздоо маселеси талкууланды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!