Төрага Конституция күнү менен куттуктады

5-Май 2018, Ишемби, 12:22

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда парламенттин басма сөз кызма билдирди.

Сиздерди Жогорку Кеӊештин атынан Конституция күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Баш мыйзабыздын жаӊы редакциясы эгемен Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүнүн пайдубалын түптөп, мамлекеттүүлүгүбүздүн калыптанышына шарт түзгөн. Андан кийин да Конституциябызга бир топ өзгөртүүлөр киргизилген менен тилекке каршы, 2010-жылга чейинки түзөтүүлөрдүн көбү бийликте турган бир катар адамдардын гана кызыкчылыгына ылайыкташтырылып келген.

Натыйжада, эркиндикти сүйгөн Кыргызстандын эли эки жолу авторитардык бийликке каршы күрөшкө чыгып, акыры парламенттик башкаруу жолун тандап алды. 2010-жылдын жайында Конституциябыздын жаӊы редакциясы иштелип чыгып, референдум аркылуу кабыл алынды. Ал эми 2016-жылы бир катар түзөтүүлөр киргизилди”,- деп айтылат маалыматта.

“Ошондой эле сиздерди дагы бир жолу Конституция күнү менен куттуктайм! Мындан 25 жыл мурун кабыл алынган Баш мыйзамыбыз мамлекетибиздин көз карандысыз, өз алдынча өнүгүшүнө өбөлгө болгон. Андыктан, биз Конституциябызды урматтап, ата-мекендик мыйзамдарыбызга баш ийүү менен өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн кызмат кылышыбыз зарыл.

Жергебизде тынчтык болуп, Кыргызстаныбыз өнүгүп-өссүн!”,- деп айтылат төраганын куттуктоосунда.

Айта кетсек, 1993-жылдын 5-майында Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынган. Дал ушул күнү 1978-жылы кабыл алынган Кыргыз ССРинин Конституциясы күчүн жоготкон.

КРнын Конституциясы, Баш мыйзам катары жарандардын негизги укугу менен эркиндигин коргойт жана мамлекетибиздин укуктук статусун аныктаган жогорку юридикалык күчкө ээ.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!