​Кыргызстандыктар жеңишке жетишти

5-Май 2018, Ишемби, 13:55

Түркия мамлекетинин Анталья шаарындагы Anatolia Open эл аралык сынакта кыргызстандык балдар тогуз коргоол боюнча баш байгени жеңди. Бул туурасында Тогуз коргоол федерациясы билдирди.

Сынакта Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Пакистан, Орусия жана Түркия мамлекеттеринин спортчулары катышты. Программага бир нече интеллектуалдык оюндар камтылган. Тогуз-коргоол боюнча эркектер арасындагы оюнда Анарбек Жамакеев биринчиликти багындырса, экинчи орунду Бектур Тыныбеков ээлеген. Кыргызстандын атынан сегиз спортчу барган. Ал эми аялдар арасындагы сынакта Гүлжамал Сарыкеева жана Жаңыл Сагынбекова үчүнчү орунду алды. Тогуз- коргоолдон тышкары бестемше оюнунда Нурдин Чоро уулу экинчини алса , Аким Нурсеитов үчүнчү орунду багындырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!