Нарматовдун үйүнө ууру кирип, баласына ок чыгарды

7-Май 2018, Дүйшөмбү, 09:21

Аалымдар кеңешинин төрагасы, диний ишмер Абдышүкүр ажы Нарматовдун үйүнө белгисиз адамдар ууруга кирип, 21 жаштагы баласына ок чыгарып качып кетишкен. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 4-майга караган түнү Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылында диний ишмер Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө уурулар кирип, алгач короосунда токтотулуп турган унаасынын айнегин талкалап, сегиз миң сом жана документтерди алышкан. Андан кийин уурулар үйгө кирүүнүн аракетин көрүшкөн. Абдышүкүр Нарматовдун 21 жаштагы баласы аларды көрүп калып, кууп жөнөгөн. Ошол маалда белгисиз адамдардын бири баласына карай ок чыгарып, качып кетишкен. Бутунан жарадар алып, дароо ооруканага жеткирилген.

Азыркы учурда Кыргыз республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси («Уурулук») жана 168-беренеси («Каракчылык») беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөрдү издөө иштери уланууда.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!