Комитет аудиторлукка Байгазаковду жактырды

7-Май 2018, Дүйшөмбү, 12:02

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети КР Эсептөө палатасынын аудиторлугуна Алимжан Байгазаковдун талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Тармактык комитеттин төрагасы Эмил Токтошев Эсептөө палатасынан Нурболот Мирзахметовдун өзгөчө кырдаалдар министрлигине дайындалганына байланыштуу аны кызматынан бошотуу боюнча кайрылуу түшкөнүн билдирди. Мындай чечим бир добуштан кабыл алынды.

Ал эми депутат Сайдулла Нышановдун айтымында, мыйзамга ылайык, оппозициялык фракция Эсептөө палатасына бир талапкер көрсөтө алат, ошондон улам ага Алимжан Байгазаковдун талапкерлиги сунушталууда.

Депутаттар Улан Примов, Төрөбай Зулпукаров, Таабалды Тиллаев Алимжан Байгазаковдун талапкерлигин колдоо менен, анын буга чейин каржы чөйрөсүндө ийгиликтүү иштеп келгенин, ошондон улам ага чоӊ ишеним жүктөлүп жатканын айтышты.

Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык Эсептөө палатасынын аудиторлугуна Алимжан Байгазаковдун талапкерлиги парламенттин башка тармактык комитеттеринде да каралууга тийиш.

Ал жакында жаӊы өкмөт курамында өзгөчө кырдаалдар министрлигине дайындалган Нурболот Мирзахметовдун ордуна дайындалууга тийиш.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!