Асанбаев: "Укугу бузулгандар абдан көп келет"

7-Май 2018, Дүйшөмбү, 12:15

Кыргызстандын Россияда федерациясындагы элчилигине күнүнө жүзгө жакын жаран кайрылат. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Алмазбек Асанбаев zaman.kg маалымат агенттигине билдирди.

“Ал жерге күн сайын ал жерге жүзгө жакын адам кайрылат. Көбүнчө биздин жарандар паспортторун жоготкон учурда же паспорттун мөөнөтү бүткөн учурда алмаштырууга, миграциялык консулдук каттоого туурууга, маалым кат алууга келишет. Мындан сырткары укугу бузулган жарандардын кайрылган эсебинин саны андан көп. Ал эми миграция кызматынын өкүлчүлүгүнө көбүнчө эмгек мигранттары айлык акысын төлөбөй койгон учурда жана каттоо маселелери боюнча кайрылат. Кызмат көрсөтүү акысыз” – дейт Асанбаев

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!