Үйү жок аскерлердин жашаган батир акысы төлөнөт

8-Май 2018, Шейшемби, 13:18

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети аскер кызматчыларынын статусун көтөрүү жана Куралдуу күчтөрдүн уставын жакшыртууга багытталган “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Коргоо иштер боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Нурсеит Кедеевдин айтымында, аскер кызматчыларынын статусун көтөрүү жана Куралдуу күчтөрдүн уставын жакшыртуу үчүн “КР Куралдуу күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө”, “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Сунушталган мыйзам долбоору менен турак жайы жок аскер адамдары үчүн батирдик төлөмгө тактоо киргизилүүдө. Батири жоктугун тастыктоочу документин көрсөткөн аскер адамдарына кызмат өтөп жаткан жерине жараша аныкталуучу батирдик төлөм белгиленмекчи.

Коргоо иштер боюнча мамлекеттик комитетин маалыматына караганда, Куралдуу күчтөр жарандык күчтөр жетишсиз болгон учурда өзгөчө кырдаалдардын алдыналуу жана кесепеттерин жоюу жумуштарына тартылышы мүмкүн. Андан тышкары, азыркы учурда 2,5 миң аскер кызматчысы жеке турак жайга муктаж экени белгилүү болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!