Рыспаев өкмөттү ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоого чакырды

8-Май 2018, Шейшемби, 18:30

Бүгүн, 8-майда Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин күн тартибинде Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы атайын каражатынын эсебинен “Чыгыш-Электро” ачык акционердик коомунун реконструкциялоо долбоору үчүн берилүүчү инвестициялык грант боюнча макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда депутат Кожобек Рыспаев өкмөттү ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоого чакырды.

“Гранттык акча келсе, силер “Акылдуу эсептегичтер" боюнча да тендер өткөзөсүңөрбү? Же дагы өзүңөрдүн тендериңерди уюштуруп алып, бирөң 100 доллардан, дагы бирөң 200 доллардан кылмайыңар башталада. Силерге айтпадык беле бир жерден тендер өткөрүгүлө деп. Мына бизге Илимдер академиясынан жазып жатат. Алар өздөрү иштеп чыктык деп жатат. Анан эмне үчүн ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн алып колдонбойсуңар? Азыр силер түркчө, кытайча сүйлөгөн эпестегичтерди коюп алып колдонуп жатасыңар. Мына азыр бузулуп жатат. Бузулганда алардын тетиктерин алмаштыра турган мекеме жок. Эмне үчүн силер бул маселени өкмөткө койбой жатасыңар? Эгер ушундай “Акылдуу эсептегичтерди” Кыргызстанга коюп, ал бузулса оңдой турган жоопкерчилигин Илимдер академиясы алатургандыгын суранып жатат. Алар менен сүйлөшүп туруп, аларга 20 пайыздык жеңилдик берип тендерге тартсаңар. Алардыкы бардык сапаты жарашса, түздөн-түз уруксаат бериш керек болчу. Өзүбүз да аракет кылалы да. Тендер жарыялап эле Кытай менен Түркияныкын алып келип коюп жатасыңар”, - деп нааразычылыгын билдирди Рыспаев.

Өкмөт тиешелүү өкүлү бул багытта атайын мыйзамдар бар экенин айтып, ошол мыйзамдарга өзгөртүү киргизели деп сунуштап жатканын билдирди.

Депутат Кожобек Рыспаев: “Силер сүйлөшүп бүткөнчө акчанын бары ратификация болуп бүтөт”,- деди.

Айта кетсек, өкмөт аталган долбоор үчүн 6 млн евро насыя алууну көздөп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!