Депутаттар “Чыгышэлектронун" киреше тапканына кызыгышты

8-Май 2018, Шейшемби, 18:37

“Акылдуу эсептегичтердин” орнотулушунан улам “Чыгышэлектронун” кирешеси 100 млн. сомго барабар болгон. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда “Чыгышэлектронун” башкы директорунун биринчи орун басары Мирбек Түмөнбаев Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Түмөнбаев депутат Умбеталы Кыдыралиевдин чыгашалуу “Чыгышэлектро” компаниясы кантип 100 млн. сомдун тегерегиндеги кирешеге жетише алды деген суроосуна жооп берип жатып мындай жетишкендик “Акылдуу эсептегичтердин” орнотулушунан улам болгондугун айтты.

“3200 эсептегич сатып алып ири жоготуулар болуп жаткан пансионаттарга орнотконбуз. Мисалы: “Солнечный” пансионаты 2015-жыл аталган эсептегичти орнотконго чейин 32 миң кВт. саат колдонсо ал эми эсептегич ороноткондон кийин электр колдонуунун көрсөткүчү 55 миң кВт. саат болгон”,-дейт Түмөнбаев.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!