Сунушталган мыйзам ЖКда чоң талашты жаратты

10-Май 2018, Бейшемби, 13:36

Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин жыйынында “Экологиялык коопсуздук жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 3-окууда каралып, маселе боюнча Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Алмасбек Акматов баяндама жасады.

Жыйын жүрүшүндө демилгечи депутат Максат Сабиров 100 метр деген ченем менен көлдүн экологиясына зыян келтире турган ар кандай курулуштар курулуп кеткендигин маалымдап, ал мындан улам сунушталган мыйзам долбоору менен көлдүн жээгинен 300 метр аралыкка капиталдык курулушка тыюу салуу жөнүндө ченем киргизилип жатканын айтты.

«Эгер сунушталып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынып калса, анда көлдүн жээгине курулуп жаткан обьектилерди курууда экологиялык талаптар бузулса, анда бул боюнча атайын айып пул салынат. Бирок, долбоор буга чейинки салынып калган курулуштарга тиешеси болбойт»- дейт Сабиров.

Депутат Алтынбек Сулайманов сунушталып жаткан мыйзам долбооруна каршы чыгып, ал мындай жол менен көлдүн экология сакталбастыгын, экологияга көңүл буруу үчүн саркынды сууларды тазалоо жабдыктарын жаңылоого басым жасоо керектигин айтып чыкты. Ошондой эле мыйзам долбоору кабыл алынса экономика, туризм тармагы зыянга учурарын баса белгиледи.

Айта кетсек, аталган мыйзам долбоорун депутат М.Сабиров, Ж.Турускулов, А.Жамангулов, М.Бакиров, У.Чолпонбаевдеп демилгелеген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!