Примов:"ЖЭБдеги авария коррупцияны ачыкка чыгарды"

10-Май 2018, Бейшемби, 15:10

Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Бишкектин Жылуулук электр борборундагы кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов корутундусун жасап жатып, ал Бишкек ЖЭБдеги авариянын болушу менен өлкөдөгү энергетика тармагындагы абал менен коррупциялык көрүнүштөр ачыкка чыгып жана бул багытта маселе бар экенин тастыктагандыгын айтты.

«ЖЭБдеги ишке тиешелүү мурдагы чиновниктер, экс-депутаттар чакыртылып, маалымат берди. ЖЭБге байланыштуу каражаттар натыйжалуу пайдаланылган эмес. ЖЭБде модернизациялык иш болгон эмес. Авариянын келүүсүнө техникалардын эскириши, кышка даярдык талапка ылайык жүргүзүлбөгөнү себеп болгон. Кышка жакшы даярдык көрүлгөндө ЖЭБдиги аварияны алдын алса болмок. Анын суукка даярдыгы жок экенин көрсөттү. ЖЭБге 2017-жылы 417 миллион сом, 2016-жылы 477 миллион сом каражат бөлүнгөн. Бирок бул каражаттар кайда, кимдин чөнтөгүнө кеткен деген суроо жаралат», - деди Примов.

Жыйынга экс-өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев, Сапар Исаков жана мурдагы Каржы министри Ольга Лаврова келди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!