“Илегилек” Лондондо өтчү фестивалга катышат

14-Апр. 2017, Жума
  • “Илегилек”- бул азыркы дүйнөнүн, ички дүйнөнүн трагедиясы жана бузукулук, муундар арасында карама-каршылыкты баяндаган спектакль. Шекспир театрынын режиссёру, “The So&So” арт клубунун жетекчиси Сара Бенжер спектаклди көргөндөн кийинки сезимдери менен ушундай бөлүшкөн.

Британиялык режиссёр спектаклге жана "Тунгуч” жаштар театрынын жаш актёрлоруна жогорку баасын берип, ыраазычылыгын билдирген. Ал “Илегилек” спектакли ушул жылы октябрь айында Лондондо өтүүчү эл аралык театр фестивалына катышууга чакырды.

Белгилей кетсек, “Илегилек” спектакли улуу муун менен жаш муундун көз караштары, баалуулуктарынын кагылышы тууралуу баяндайт.

Спектакль Кыргыз эл жазуучусу, драматург Султан Раевдун калемине таандык. Анда КРнын эл артисти Жамал Сейдакматова, “Тунгуч” жаштар театрынын актёр-актрисалары Имаш Ажыкул жана Тазима Уметалиевалар ролдо ойногон.

.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!