Баласын өлтүргөн кыргызстандык соттолот

14-Апр. 2017, Жума

Россиянын Тюмень облусу боюнча тергөө комитети Кыргызстандын 25 жаштагы тургунуна карата кылмыш ишин козгоо боюнча тергөө иштерин аяктады. Бул тууралуу Россиянын тергөө комитети билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 2017-жылдын февраль айында Тюмень шаарында болгон. Кыргызстандык жаран эки жаштагы баласы ыйлаганына ачуусу келип аны башка-көзгө ургулап салган. Качан баланын абалы оорлоп баштаганда «Тез жардам» чакырышкан. Бирок дарыгерлердин аракетине карабастан наристенин өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

«Алгач 25 жаштагы жаран кылган ишин моюнуна алган эмес. Бул факт боюнча бир катар иштер жүргүзүлгөн соң баланын атасы тарабынан сабалганы аныкталып, камакка алынган. Азыркы тапта иш сотко өткөрүлүп берилди», - деп айтылат тергөө комитетинин маалыматында.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!