Жээнбеков: бир айдын ичинде кенемте төлөнөт

18-Апр. 2017, Шейшемби

Түрк тарап Дача конушунда учак кырсыгынан жабыркагандарга кенемтени бир ай ичинде төлөп берет.

Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков парламенттеги көпчүлүк коалцияга отчет берип жатып билдирди.

Премьер-министр өкмөт тараптан Дача конушундагы оор кырдаалды жөнгө салуу жаатында чоң жумуш жасаганын билдирип, кенемте төлөтүү боюнча түрк тарап менен сүйлөшүү жүрүп жатканын маалымдады.

Ошондой эле Жээнбеков жапа чеккендерге бериле турган кенемтенин так суммасын айтуу оор экенин белгилеп, азырынча бир ай ичинде түрк тарап бере турган каражат жакынын жоготкондорго жана жабыркагандарга таратылып берилерин кошумчалады.

16-январда “Манас” аба майданына жакын жайгашкан Дача конушуна түркиялык жүк ташуучу учак кулап, 39 кишинин өмүрүн алган. Кырсыктан ондогон үйлөр талкаланып, келтирилген материалдык чыгым 195 млн. сомго бааланган.

Буга чейин түрк тарап атайын эсепке 600 миң доллар которгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!