Небереси чоң энесин өлтүрүүгө шектелип жатат

24-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Бишкектик жигит достору менен чоң энесин өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-апрель күнү Бишкектин 12-кичи районунан 1938-жылы туулган аялдын сөөгү табылган. Окуя болгон жерге Октябрь РИИБдин жана Бишкек ШИИБдин кызматкерлери барып, аялдын денесине бир нече жолу бычак сайылгандыгы белгилүү болгон. 79 жаштагы аялдын өлүмүнө шектүү катары 2000-жылы туулган Р.Т., 1999-жылы туулган Ш.Р. жана И.Д. кармалган. Алардын бири маркумдун небереси экени аныкталды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган жигиттер ичимдик алуу үчүн улгайган аялды тоноого аракет кылышкан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!