Сирияга кетмек болгон аял кармалды

4-Май 2017, Бейшемби

Сирияга кетүүгө аракет кылган аял Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 29-апрелде УКМК тарабынан Кыргызстандын жарандарынын согуш аракеттерине катышуу максатында Сирияга кетүүсүнө жол бербөө боюнча контртеррористтик ишмердигинин алкагында 1989-жылы туулган Кыргызстандын жараны И.Г. мекенине кайтарылган. Ал Баткен облусунун тургуну экени аныкталган.

"И.Г. аттуу жаран эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү тарабынан азгырылып, Сирияга баруу максатында Түркияга жөнөтүлгөн",- деп айтылат маалыматта.

Учурда И.Г. баласы менен туугандарына берилди.

УКМК аталган жаранды азгырып жөнөтүүгө катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө чараларын улантууда

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!