Жаратылыш байлыктарын пайдалануу талкууланды

12-Май 2017, Жума

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-майда Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиришти.

Жолугушууда өлкө башчысы тоо кен тармагындагы процесстердин айкындуулугун мындан ары карай жогорулатуу жана коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу, инвестицияларды тартуу жана геологиялык иштерди жайылтуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алды.

Өлкөдөгү ири тоо кен ишканаларынын иштерин баяндаган Зилалиев “Кумтөр” долбоорундагы Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыктарын илгерилетүү жана пайда болгон экологиялык маселелерди жөнгө салуу боюнча канадалык “Центерра” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө президентке айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев жаратылыш байлыктарын натыйжалуу жана рационалдуу пайдалануу, ошондой эле тоо кен ишканаларынын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу менен өлкөнүн жана анын жарандарынын кызыкчылыктарын коргоонун зарылчылыгын баса белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!