Уруштун аягы өлүм менен аяктады

12-Май 2017, Жума

Айылдашын бычактап салган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-май күнү болжол менен саат 15:55дер чамасында Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө аталган райондун Алексеевка айылындагы үйлөрдүн биринен белгисиз адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери тарабынан маркум киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган. Ошондой эле ал Алексеевка айылынын 60 жаштагы К.А. аттуу тургуну экендиги такталган.

Бул факты боюнча жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү делип, жергиликтүү 48 жаштагы Б.А. аттуу кармалган. Тергөө маалында каза болгон К.А. жана кылмышка шектүү Б.А. экөө бирге окуя болгон күнү ичимдик ичишкен. Мас абалында сөздөн-сөз талашып, экөө уруша кетишип Б.А. колуна бычак ала коюп К.А.ны сайып жиберген.

"Бул окуя боюнча Жайыл РИИБнүн тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш-жаза кодексинин “адам өлтүрүү” беренси боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран Жайыл РИИБнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган",- деп айтылат билдирүүдө.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!