Рамазан айынын болжолдуу датасы айтылды

19-Май 2017, Жума

Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Пайгамбарыбыз (саллоллоху алейхи васаллам) өз сөзүндө: «Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп оозуңарды ачкыла. Эгер күн бүркөө болуп силерге ай көрүнбөй калган болсо, анда отуз күндү толуктагыла»-деп буйруган. (Сахих муслим 1081).

“2017-жылдагы Рамазан айынын башталышы болжолдуу түрдө үстүбүздөгү жылдын 27-май, ишемби күнүнө белгиленүүдө. Жогоруда көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусу боюнча бир күнгө айырмалануусу мүмүкүн”,-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!