​Калемгерлер арасында сынак жарыяланды

19-Май 2017, Жума

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы көркөм адабий чыгармалар, котормолор жана усулдук колдонмолор үчүн сынак жарыялады. Бул тууралуу тил комиссиясынан билдиришти.

Сынактын негизинде акын-жазуучулардын китептери “Азыркы адабият”, жаш калемгерлердин жыйнактары “Дүбүрт”, башка элдердин адабиятынын кыргыз тилиндеги котормосу “Дүйнѳлүк адабият”, ал эми кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларын башка тилдерге которгон котормочулардын эмгектери “Дүйнѳ” серияларынын алкагында жарык көрөт.

Ошондой эле, сынакка балдар үчүн сүрөттүү китептер (тармактык энциклопедия, көркөм чыгарма, хрестоматия, сөздүк ж.б.) жана усулдук колдонмолор менен катышууга болот. Сынак 2017-жылдын 20-июнуна чейин жүргүзүлөт. Сынак тууралуу толук маалымат www.mamtil.kg сайтында жайгашкан.

Белгилей кетсек, сынак “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди ѳнүктүрүүнүн жана тил саясатын ѳркүндѳтүүнүн улуттук программасынын” жана “Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясынын” аткарылышын камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!