​Битир-садаканын өлчөмү бекитилди

23-Май 2017, Шейшемби

Быйылкы 2017-жылдагы Рамазан айында бериле турган битир-садаканын өлчөмү бекитилди. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалынын билдиришти.

Маалыматка ылайык, Орозо айында берилүүчү битир быйыл 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар болот. Натыйжада базар баасы менен алганда битир ар бир адамга 30 сомдон эсептелди.

Ошондой эле битир-садака буудайдан башка ун (1 кг 600 грамм), мейиз (1 кг. 600 грамм), арпа (3 кг 200 грамм), курма (3 кг. 200 грамм) менен да өлчөнөт. Алсак, мейиз – 368 сом, ун – 35, арпа – 48 сом болсо, курманын битирге тиешелүү баасы 380 сом деп эсептелген.

«Садака-битир берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел. Садака-битир жан башына 1кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) же анын акчалай наркы берилет. Бааларды туруксуздугуна байланыштуу, садака-битирди берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз”,-деп айтылат муфтият тараткан маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!