​Кыргызстан адал туризм боюнча 26-орунда

23-Май 2017, Шейшемби

Кыргызстан адал туризмди өнүктүрүүдө топ-30 мамлекеттеринин катарына кирди. Бул тууралуу CrescentRating сайты жазып чыкты. Маалыматка ылайык, "Global Muslim Travel Index” рейтингинде Кыргызстан 25-орунга илинген.

Жыл сайын жүргүзүлүп келген изилдөөдө 3 жыл катары менен Малайзия 1-орунду турат. 2-орунда Таиланд, 3-орунда Улуу Британия андан кийин Бириккен Араб Имараты, Индонезия, Түркия жана Сауд Аравия турат, Россия рейтинге 16-сапка кирген. Коңшу мамлекеттерден Казакстан-17, Кыргызстан-25, Тажикстан-26, Өзбекстан-28-орунду ээледи.

Global Muslim Travel Index изилдөө рейтинги 130 мамлекетте жүргүзүлүп,анда тамак-аш, адал продукт, кызмат көрсөтүүнүн сапаттуулугу жана сервис мүмкүнчүлүгү, туристтик жайлардын мүмкүнчүлүгү, маркетинг боюнча критерийлер эске алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!