Германиянын борбордук аянтына боз үй тигилди

23-Май 2017, Шейшемби

21-майда Кыргызстандын Германиядагы элчилиги Германиянын Бонн шаарында жыл сайын өтүүчү Эл аралык ар улуттук маданият фестивалына катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, Бонн шаарынын Мюнстрерплатц башкы аянтында кыргыз боз үйү тигилип, анын ички жасалгасы, өлкөнүн туристтик потенциалы, кол өнөрчүлүгү, улуттук кийим-кечеси келген конокторго көрсөтүлдү.

Фестивалга Германиядагы 60дан ашуун маданият борборлору, коомдук бирикмелер, чет өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү катышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!