Кыргызстандыктар тууралуу маалымат такталууда

23-Май 2017, Шейшемби

Бүгүн, 23-майда таң эрте Британиянын Манчестер шаарында болгон жардырууда кыргызстандыктар бар же жок экени такталып жатат.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди.

"Скай ньюз" сайтынын билдирүүсү боюнча, жардыруу Manchester Arena жабык залында концерт өтүп жаткан маалда болгон. Алгач залдын микрофону жарылгандай сезилген. Полициянын билдирүүсү боюнча, жардыруудан кеминде 19 адам мерт кетип, 50 чакты киши жарадар болушкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!