Окуучулар Азия олимпиадада коло тагынды

23-Май 2017, Шейшемби

Кыргызстандык окуучулар математика боюнча Азия олимпиадада коло байгени утуп алды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган олимпиадага Кыргызстан 2007-жылдан бери катышып келет. Бул жылы биздин өлкөдөн 7 окуучу катышты. Алар, Азисбек уулу Саадинур, Дослан Жекшеев, Бекжол Жолдубай уулу, Амирбек Абдирасулов, Бегаалы Чикетаев, Алибек Калыков жана Актан Календеров.

Олимпиаданын жыйынтыгында, Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы «Сапат» лицейинин 11-класстын окуучусу Саадинур Азисбек уулу жана Караколдогу Хусеин Карасаев атындагы «Сапат» лицейинин 10-классынын окуучусу Дослан Жекшеев коло байгени утуп алышты. Ал эми Саадинур Азисбек уулуна күмүш алууга бир балл жетпей калган.

Байгелүү орунда алган окуучулар эми Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтүүчү Эл аралык математика боюнча олимпиадага катышмакчы.

Математика боюнча Азия Олимпиадасы 1989-жылдан баштап жыл сайын өтүп келет. Бүгүнкү күндө ага 41 өлкөнүн окуучулары катышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!