Унаа айдай качкан жаран кармалды

23-Май 2017, Шейшемби

Бишкекте чак түштө унааны айдай качкан жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май РИИБне борбор калаанын 50 жаштагы аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Себеби 22-май күнү саат болжол менен 13:50 чамасында Медеров көчөсүндө жайгашкан үйдүн жанында токтоп турган “Хонда Авансиер” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз адамдар айтап кеткен.

Аталган РИИБнин аймактык ыйгарымдуу өкүлү тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, Бишкек шаарынын 21 жаштагы Б.А. аттуу тургуну кылмышка шектүү катары кармалып, тергөө бөлүмүнө жеткирилди.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!