«Кайыңды» конушуна газ берилди

24-Май 2017, Шаршемби

Бишкектеги «Кайыңды» конушунун тургундарына жаратылыш газы берилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган иш-чарага Свердлов районунун башчысы Самарбек Болотбеков катышты. Конуштун миңге жакын тургунуна көгүлтүр от менен камсыз болду. Жалпы узундугу 6 чакырымды түзгөн газ түтүктүн курулуш иштерине жалпы 16,8 миллион сом сарпталды.

Үстүбүздөгү жылы «Газпром» ишканасы 15 конушука жаратылыш газын берүүнү пландоодо.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!