Жаңы троллейбустар пайдаланууга берилди

24-Май 2017, Шаршемби

Бүгүн, 24-майда Ош шаарына Россия Федерациясынан жаңыдан алынып келген 23 троллейбустарды тапшыруу аземи болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Ага шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

Шаар мэри жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында аткарылып жаткан жумуштар тууралуу маалымат берип, айдоочуларга троллейбустардын ачкычтарын тапшырды.

"Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы менен «Коомдук автранспорттун ишин жакшыртуу» келишимине кол коюлуп, жалпы суммасы 9,6 млн. евро, анын ичинен 5,7 млн. евро кредит, 3,1 млн. евро грант түрүндө каражат бөлүүгө жетишилген эле. Бөлүнгөн каражатка автобусттарды жана тролейбусттарды сатып алуу боюнча ачык-айкын өткөрүлгөн тендерлердин жыйынтыгында 24 автобустун ордуна 30 автобус сатып алып пайдаланууга бердик, 20 троллейбустун ордуна 23 троллейбус, сатып алууга жетиштик”,-деди А.Кадырбаев.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!