Жол тандабас унаасын тартып алган

26-Май 2017, Жума

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү “БМВ Х-5” үлгүсүндөгү унааны тартып алгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы Жалал-Абад облусунун ИИБне жергиликтүү М.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Бишкек-Ош унаа жолунда жайгашкан кафелердин биринен белгисиз үч жаран “БМВ Х-5” үлгүсүндөгү унаасын тартып алгандыгын маалымдаган.

«Милиция кызматкерлеринин ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектүү жаран кармалган. Ал ИИМдин Маалымат аналитикалык борборунда атайын каттоодо турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Сузак районунун Ш.Н. аттуу тургуну экени аныкталган»,- деп айтылат билдирүүдө.

Кылмыш-жаза кодексинин «өзүм билемдик» беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайына камалган. Тергөө иштери уланууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!