Президент Рамазандын келиши менен куттуктады

26-Май 2017, Жума

Бүгүн, 26-майда президент Алмазбек Атамбаев муфтий Максат ажы Токтомушевди кабыл алды.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, өлкө башчысы Кыргызстандагы бардык мусулман калкын кирип келген ыйык Рамазан айы менен куттуктады.

Андан ары муфтий менен мамлекет башчысы Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын ишмердүүлугүн талкуулашты.

Мындан сырткары, негизги көңүл борбору элди козутуучу сырткы чакырыктарга каршы күрөшүү, өлкө калкынын биримдигин чыңдоо маселесине бурулду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!