Өкмөт кыргызстандыктардын жаңы жыл майрамынан кийинки эс алуу күндөрүн аныктоо боюнча сунушун министрликтер жана ведомстволорго жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 2020-жылы дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында өкмөт «2020-жылы дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө» өкмөттүн токтом долбоорун иштеп чыкты.
Токтом долбооруна ылайык, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 24-февралдагы дем алыш күндү (23-февраль дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 2-январдагы иш күнүнө, 9-марттагы дем алыш күн (8-март дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 3-январдагы иш күнүнө, 23-марттагы дем алыш күн (21-март дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 6-январдагы иш күнүнө, 11-майдагы дем алыш күндү (9-май дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 4-майдагы иш күнүнө которулат.
"Жаңы жылды белгилөөгө байланыштуу республиканын жарандары 1-январдан 7-январга чейин, ошондой эле 1нен 5-майга чейин май майрамдары учурунда эс алышат. Учурда өкмөттүн тиешелүү токтом долбоору министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуу процедурасынан өтүүдө",- деп айтылат маалыматта.