Ошто машыгуудан кайтып келе жаткан аскер кызматкери токко урунду. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Башкы штабдын басма сөз кызматынан билдиришти
Маалыматка ылайык, кечээ, 4-декабрда Гүлчө айылында жайгашкан №92843 аскердик бөлүктүн келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан радиотелефонист, ефрейтор Ш. у А. тактикалык машыгуудан кайтып келе жатканда жогорку вольттуу электр өткөргүч зымынын жанынан өтүп баратып, радиостанциянын антеннасы аркылуу токко урунган.
Жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлүп, ал азыр райондук ооруканада дарыланууда. Абалы орто.
Бул окуя боюнча Ош гарнизонунун Аскердик прокуратурасына маалымат берилип, учурда кызматтык иликтөө жүрүп жатат.