​Ысык-Көлдөн 3800 мүшөк таштанды чыкты

30-Май 2017, Шейшемби

27-28-майда Ысык-Көл облусунун аймагындагы таштандыларды тазалоо максатында 1500дөн ашуун ыктыярчылар «Таза Ысык-Көл» акциясын өткөрүп, 3800 мүшөк таштанды чыгарышкан.

Алар көлдүн айланасын тазалоо иштерин 3 шаарда жана 20 айылда жүргүзгөн.

Түндүк тарабы: Балыкчы шаары, Тору-Айгыр. Тамчы, Чок-Тал, Чоң Сары-Ой айылдарында Чолпон-Ата шаарында, Бактуу-Долоноту, Бостери, Корумду, Григорьевка, Семеновка, Ананьево айылдарында жана Каракол шаарында.

Түштүк тарабы: Оттук, Кызыл-туу, Бөкөнбаев, Кажы-Сай, Тосор, Барскоон, Дархан, Саруу, Кызыл-Суу айылдарында тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Уюштуруучулар билдиргендей, мындай акция жыл сайын туристтик сезонга карата уюштуруп келишет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!