Балдарын билим акысынан бошотуу сунушталды

31-Май 2017, Шаршемби

Өзгөн жана Чоң-Алай районундагы табигый кырсыктан жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн ЖОЖдордо билим алып жаткан балдарын билим акысынан бошотуу сунушталды.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында депутат Аскар Шадиев билдирди.

Эл өкүлү мамлекеттик ЖОЖдор салыктан бошотулганын белгилеп, табигый кырсыктан жабыркагандарга жардам иретинде бир жылдык акыдан бошотуу мүмкүнчүлүгү бар экенин жүйө келтирди.

Буга жооп катары билим берүү жана илим министринин орун басары Салидин Калдыбаев бул сунушту министрлик университеттердин жетекчилерине жөнөткөндүгүн маалымдады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!