Министр балдардын майрамы менен куттуктады

2-Июнь 2017, Жума

1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова Беловодскоей айылындагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде, Сокулуктагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борборунда балдарды майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган мекемеде өтө оор абалдагы балдар тарбиялангандыктан министр өз сөзүндө балдар үчүн тийиштүү, жакшы шарттар түзүлүп жатканын кошумчалады.

Ар бир мекемеде концерттик программа тартууланып, балдарга оюнчуктар, таттуулар таратылды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!