Мектептер арасында театр сынагы болду

2-Июнь 2017, Жума

Бишкекте балдарды коргоо күнүнө карата мектептер арасында театр сынагы болду. Бул туурасында мэриядан билдиришти.

Сынактын башкы максаты окуучулардын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүү жана театралдык жамааттын жетекчилеринин кесипкөйлүк деңгээлин өстүрүү.

Театр сынагына жалпы 15 мектептен (№ 6, 47, 79, 74, 33, 9, 37,
28, 72, 68, 59, 48, 17, 70) 274 бала катышты.

Жыйынтыгында баш байгени №6 жана № 48 гимназия мектеби алды. 1-орунду №33, 68 гимназия мектептери ээ болсо, 2-орунду № 9 гимназия-мектеп жана «Шайыр балалык» балдар чыгармачылык борбору, 3-орунду №70 жана №79 мектептин окуучулары алышты.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!