​Мыйзамсыз салынган үй, түп орду менен сүрдүрүлдү

2-Июнь 2017, Жума

Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан Чүй облусундагы Жайыл районунун токой чарабасынын аймагында курулган мыйзамсыз курулуш буздурулду. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда веломствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган курулушту токой чарбанын аймагына Ашировой Б.Ш аттуу жаран эч кандай уруксааты жок, өз билемдмк менен кура баштаган.

«Мамэкотехинспекциянын иснпекторлорлорунун текшерүүсүндө курулуштун мыйзамсыз курулгандыгы аныкталып, жеринде буздуруу тууралуу чечимдер чыккан. Учурда курулуш толугу менен буздурулду»,-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!