Бишкекте аял көп кабаттуу үйдөн кулап каза болду

5-Июнь 2017, Дүйшөмбү

Бишкекте 41 жаштагы аял көп кабаттуу үйдөн кулап каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-июнь күнү саат 18:00 чамасында Бишкек шаарынын “Асанбай” кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн 5 кабатынан 1976-жылы туулган аял кулап каза болгон. Бул окуя боюнча милиция кызматкерлерине маалымат келип түшөөрү менен аталган аймакка барган кызматкерлер аялдын сөөгүн табышкан.

“Каза болгон аял ошол үйдүн тургуну экендиги аныкталды. Ал эми окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Учурда аля өз боюн бийиктиктен таштап жибергендиги же кулап кеткендиги белгисиз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!