Зордуктоого аракеттенген жаран кармалды

6-Июнь 2017, Шейшемби

Бишкек шаарынын “Ак-Ордо” конушунда 10 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылуу аракети боюнча 33 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга окуучу кызды зордуктоого аракет кылуу болгону тууралуу маалымат түшөөрү менен, окуя болгон жерге аймактык милиция кызматкерлери жетип барышкан учурда жергиликтүү тургундар шектүүнү байлап, анын бычагын алып коюшкан. 33 жаштагы шектүү жаран Жалал-Абад облусунда туулгандыгы аныкталган.

Ал азыркы учурда СИЗО-1 мекемесине киргизилди. Ошондой эле бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “зордуктоого аракет кылуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. 2-июнда тергөө жыйынтыкталып, топтолгон материалдар сотко берилди.

Белгилей кетсек, 10 жаштагы кызды зордуктоо аракетин көргөн деген божомол менен 33 жаштагы жарандын кармалгандыгы боюнча видео ушул жылдын 3-апрелинде тартылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!