Фейсбук: милиционерди сыйлыкка сунушташты (ВИДЕО)

8-Июнь 2017, Бейшемби

Бүгүн, 8-июнда социалдык тармактарга Бишкек шаарынын Иса Ахунбаев жана Карл Маркс көчөлөрүнүн кесилишинде жука көйнөкчөн Кайгуул милиция кызматкери жолдо тыгын пайда болбошу үчүн нөшөрлөп жааган жаанга карабастан кыймылды жөнгө салып жаткан видео жүктөлүп, ал кызуу талкууну жаратып жаткан кези.

Бишкек ШИИБнын жол кайгуул кызматынан билдирген маалыматка ылайык, жаанга карабастан өзүнүн кызматтык милдетин аткарып жаткан патрулдук милиция кызматкеринин аты-жөнү такталган. Ал жол Кайгуул милициянын старшинасы Азим Асанов. Учурда аны сыйлоо сунушу ИИМне жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, 6-июнь күнү Бишкек шаарында нөшөрлөп жааган жаандан улам шаардын айрым жерлеринде электр энергиясы өчкөн. Мындан улам светофорлор иштебей калган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!