Туристтердин коопсуздугун милиция камсыздайт

9-Июнь 2017, Жума

Эл көп эс алуучу жайлардын аймагында, коомдук тартипти 3000 миңден ашык ички иштер кызматкерлери жана 800 жогору элдик кошуундун мүчөлөрү камсыздашат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМги жана анын аймактык бөлүмдөрү туристтик мезгил маалында жарандардын эс алуу коопсуздугун, коомдук тартипти камсыздоого багытталган бир нече уюшулган иш-чараларды өткөрөт

Ысык-Көл облусунун аймагында 500 ашуун милиция кызматкерлеринен сырткары, кошумча күч катары ИИМдин атайын багыттагы полкунун 100 ашык кызматкерлери тартылат. Милициянын саны туристтердин келүүсү жана ыкчам түзүлгөн абалына жараша көбөйөт. Ысык-Көл жээгинде жайкы курорттук маалдагы түзүлүш курорттук- ден соолукту чыңдоо мекемелеринин башчыларынын сунушунун негизинде ишке ашат.

Андан сырткары жарандардын арыздануусун жана доосун ыкчам кароодо, андан сырткары аларга жардам берүү үчүн күнү-түнү иштөөчү кызмат түзүлдү.

Ошондой эле өздүк курамды даярдоо, туристтер менен сүйлөшүүдө милиционер тарабынан кызматтык тартип жана мыйзам жагынан каталар кетпеш үчүн иштер өткөрүлдү. Кызматтык тартипти жана мыйзамдуулуктун сакталышын камсыздоо максатында, жайкы туристтик мезгилге Ысык-Көл ОИИБнын кызмат жетекчилеринен жана ага офицердик курамынан офицердик патруль уюштурулат.

“Жолдо жүрүү коопсуздугун камсыз кылуу максатында, ИИМдин Патрулдук милициясынын башкы башкармалыгы тарабынан “Кордай (Казакстан)– Бишкек”, “Аэропорт “Манас”–Бишкек”, “Бишкек–түндүк айланма жолу”, “Бишкек–Балыкчы–Чолпон-Ата–Каракол” унаа жолдорунда Патрулдук милициянын жылып жүрүүчү күзөттөрү коюлат жана атайын Патрулдук милициянын авто унааларына ишеним телефону көрсөтүлүп, автоунаада бекитилген жайгашуу кайгуул орундарында (күзөт орду) кызмат өтөшөт. Бул патрулдук унаалар ылдамдык ченемин аныктоочу, тасмага түшүрүүчү “Визирь” аталыштагы радардык жабдыктар менен жабдылган. Ар бир экипажда жол жүрүү эрежелерин бузгандар үчүн карточка менен айып төлөөгө ыңгайлаштырылган РОS-терминалдар бар”,- деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө республикада 369 курорттук- ден соолукту чыңдоо мекемелери бар. Анын ичинен 31 өспүрүмдөр балдардыкы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!