Гүлнур Асанова журналисттерге кайрылды

28-Июнь 2017, Шаршемби

Белгилүү ырчы жана актриса Гүлнур Асанована айрым маалымат каражаттары аны жолдошу менен ажырашыптыр деген маалымат тараган. Көп өтпөй ырчы айым ал маалымат жалган экенин айтып, өзүнүн instagram баракчасына билдирүү калтырды. “Урматтуу журналисттер, кесиптик этиканы сактай билиңиздер! Урматыбыз менен Бактияр жана Гүлнур” деген билдирүү калтырган.

Ал эми анын күйөрмандары бул билдирүүдөн кийин: “Гулнур Бактияр бактылуу болгула, балалуу базарга айлансын үйүңөр. Гулнур сени ырчы актриса адам катары абдан сыйлайбыз. Кармашкан колунар эч качан үзүлбөсүн”, “Сонун түгөйсүңөр бактылуу жашагыла. Ит үрө берет кербен жүрө берет” деген каалоо тилектерин жазышкан.

Эске салсак, Гүлнур Асанова ушул жылдын 5-июнда ордо калаадагы ресторандардын биринде кыз узатуу тоюу болуп, Таластык мырзага турмушка чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!