Кичи автобустун айдоочусу качып кетти

30-Июнь 2017, Жума

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда кичи автобус жол кырсыгына кабылып, айдоочусу качып кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 29-июнь күнү саат 18:50 чамасында болгон. Анда жүргүнчүлөрдү ташыган «Mercedes-Sprinter» үлгүсүндөгү кичи автобус жолдун түндүк тарабындагы аялдаманы сүзүп, оодарылып кеткен. Ал эми айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен. Жаракат алгандар жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!