Битир садакадан 33 миллион сом чогулду

27-Июль 2017, Бейшемби

2017-жылдын улуу Рамазан айында республика боюнча 33 668 886 сом битир-садака чогултулду. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы маалымдайт.

Учурда бул чогулган акча каражаты муфтият, өлкө аймагындагы бардык казыяттар, райондук хатибияттар жана мечиттер арыз кайрылуулардын негизинде мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, кароосуз калгандарга, жетим-жесирлерге таратышууда. Ал эми Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы кайрымдуулук иштерин күчөтүп, топтолгон битир-садаканы арыздын негизинде муктаждарга таратып берип, алардын социалдык мүдөөлөрүн орундатууга бар күчтөрүн жумшап келет.

"Быйылкы жалдагы топтолгон битир-садакадан Муфтият жана облустук казыяттар биригип, Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга 2 млн 800 миң сомдук жардам көрсөтсө, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы ошол эле Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга 395 миң сомдук гуманитардык жардам көрсөтүп, жалпысынан 3 млн 200 миң сомдук жардам берилген. Муну менен катар Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы быйылкы жылы кабыл алынган арыздардын негизинде комиссиянын чечими менен 3 категорияга бөлүп, 1 млн 900 миң сомду муктаждарга таратып берди. Булардын арасында оор операцияга дуушар болгондор жана бөйрөк оорусунан жабыркап, гемодиализ алган мекендештерибиз дагы бар",-деп айтылат маалыматта.

Топтолгон каражаттардын

50% пайызы жергиликтүү мечиттерде калтырылат

15% пайызы облустук казыятарга которулат

15% пайызы хатибиятарга котогрулат

20% пайызы Муфтиятка которулат

2014-жылы республика боюнча жалпы 21 372 992 сом

2015-жылы Республика боюнча жалпы 31 112 350 сом

2016-жылы Республика боюнча жалпы 32 156 605 сом

2017-жылы Республика боюнча жалпы 33 668 886 сом

Эскерте кетсек, берилип келген кайрымдуулуктун натыйжасында 2016-жылы Кыргызстан кайрымдуулук жаатында дүйнөлүк деңгээлде 83 орундан 17 орунга чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!